Кыргызстанда Pfizer вакцинасын качан сайдырса болору айтылды

Вакцина 7-августта эле келген. Бирок түшүнүксүз себептер менен препараттар эриткичи жок жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстанга 28-августта коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын эриткичтери келет, ошондон кийин препарат менен эмдөөдөн өтүүгө болот. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борбору билдирди.
Эскерте кетсек, 7-августта COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынан 100 620 доза вакцина келген. Бирок түшүнүксүз себептер менен вакциналар эриткичи жок жеткирилген.

"Ошол убакыттан бери себептерин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатты. Шприцтер өлкөгө 23-24-августта, ал эми эриткичтери 28инде келет. Андан кийин биз вакциналарды эриткичтери менен аймактарга жөнөтөбүз. Бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунан сайдырууга болот", — деп жазылган маалыматта.

Pfizer–BioNTech вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган. Препараттын натыйжалуулугу 95 пайызды түзөрү айтылат. Коргоочу таасири биринчи дозаны алгандан кийин 12 күндөн соң башталат. Бирок толук кандуу коргоону камсыз кылуу үчүн эки дозаны алуу зарыл, ДССУ аларды 21-28 күн аралыгында сайдырууну сунуштайт.
Коронавирусту кайра жуктургандар дартты оор көтөрөт. Жаңы иликтөө