Ульяновскидеги каргаша: маркумдардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилет

Мекендештердин сөөгүн алып келүү үчүн бардык аракеттер жасалып жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ульяновскидеги жол кырсыктан каза болгон жана жаракат алган кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилет. Бул туурасында кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров набыт болгон мекендештердин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

"Бүгүн сиздер менен жалпы кыргыз эли аза күтүүдө. Ар бирибиз бул суук кабарды жан кейип кабыл алдык. Ошондой эле биздин ой-санаабыз жана тилегенибиз учурда өмүр үчүн күрөшүп ооруканада жаткан үч жабырлануучуда. Министрлер кабинети каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтөт. Мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн бардык аракеттер көрүлөт", — деди өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Дагы үч мекендеш оор абалда ооруканада жатат. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган.
Беш унаа кагышкан. Полиция 14 кыргызстандык көз жумган кырсыктын чоо-жайын айтты
Кырчын өмүрлөр... Ульяновскиде набыт болгон кыргызстандыктардын жаш курагы