Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина тараптын донбасстыктарга террорчулугу уланууда

Полковник каршылаштар Россия үчүн стратегиялык жактан маанилүү объектилерди талкалоону улантып жаткандыгын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Украинанын аскер күчтөрүнүн Донбасстын жашоочуларына жасаган террорчулук кадамдары дагы деле уланууда. Бул туурасында ЛЭРдин Элдик милициясынын полковниги Виталий Киселев айтканын РИА Новости билдирди.

"Биз Украина тараптан ракеталык-артиллериялык кубаттуу сокку шаар борборуна урулганын көрүп турабыз. Донбасстын жашоочуларына жасалган террорчулук уланууда. Шаарды талкалоо токтогон жок. Буга Лисичанск эле эмес, Первомайск, Стаханов аймактары да кабылууда", — деди ал.

Ал жакында эле каршылаш тараптан урулган сокку Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы имаратын да талкалап кеткендигин кошумчалады. Полковниктин айтымына караганда, Украинанын аскердик күчтөрү Россия үчүн стратегиялык жактан маанилүү объектилерди талкалоону улантууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье атомдук электр станциясына жасалган сокку. МАГАТЭ менен БУУнун позициясы