Ташкентте ШКУ мамлекеттеринин банк өкүлдөрү жолугат. Себеби

ШКУга мүчө-мамлекеттердин банктары инвестициялык, экономикалык жана кадрдык тармактагы өз ара кызматташууну кеңейтүү ыкмаларын сүйлөшмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ташкент калаасында 23-августта ШКУнун Банктар аралык бирикемелер кеңешинин отуруму өтөт. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.
Анда ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн банктары пандемия жана дүйнөлүк экономикадагы туруксуздуктан улам болгон каатчылыкка каршы күрөшүү жолдорун талкуулай турганы айтылды. Андан сырткары, мүчө-мамлекеттердин банктары инвестициялык, экономикалык жана кадрдык тармактагы өз ара кызматташууну кеңейтүү ыкмаларын сүйлөшмөкчү.
Эске салсак, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө.
ШКУ өлкөлөрүнө эл аралык кылмыштуу топко каршы борборду Бишкекте түзүү сунушталды