Эки фуранын ортосунда калган маршрутка: РФтеги кырсыктан 16 киши көз жумду. Видео

Видеодон ак түстүү кичи автобустун таптакыр эле жанчылып, эки кат болуп калгандыгын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Россиянын Ульяновск облусундагы автокырсыктан 16 адам каза тапты. Бул туурасында аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Трагедия бүгүн, 21-августта, жергиликтүү саат 14:00 ченде Николаевск районунда М-5 "Урал" трассасында болгон.
Алдын ала берилген маалыматтарда жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу токтото албай калып, оңдолуп жаткан жолдо өтүү үчүн кезегин күтүп токтоп турган микроавтобусту келип сүзгөн. Маршрутканын алдында да жүк ташуучу ири автоунаа болгону, ичинде жүргүнчүлөрү бар бус эки фуранын ортосунда калганы айтылды.
Учурда мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери кырсык болгон жерде трагедиянын чоо-жайын иликтеп жатканын кабарлашты. Полиция 16 адам көз жумуп, үч киши оор абалда ооруканага түшкөнүн билдирди. Бул маалыматтар учурда такталууда.
Россиянын Ульяновск облусундагы автокырсык
Облус губернатору Алексей Русских алгач жабырланган төрт киши оор абалда жаткандыгын, андан кийин үчөө экендиги такталганын кабарлады. Алардын экөө эркек киши, бирөө аял экенин айтып, медиктер жарадарлардын өмүрү үчүн күрөшүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин РИА Новости ошол жерде иштеп жаткан кызматтарга таянып алардын Казакстан жарандары экендигин кабарлаган. Анткен менен аталган өлкөнүн ТИМинин расмий өкүлү Айбек Смадияров ал маалыматты төгүнгө чыгарды.
"Алдын ала кабарларга таянсак, Ульяновск облусунда болгон автокырсыктан жабырлангандардын арасында Казакстандын жарандарды жок", — деген Смадияров.
Кабинадагы киши ыргып кетти. Чолпон-Атанын жанындагы автокырсыктын видеосу