Дугиндин кызынын өлүмү. Мамдума элди этият болууга чакырды

Буга чейин Подмосковьеде автоунаа жарылып, кырсыктан философ Александр Дугиндин кызы Дарьянын каза болгону белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасы менен Федерация кеңеши Подмосковьеде Дарья Дугинанын автоунаасы жарылып каза болгонуна байланыштуу элди сак болууга чакырды, бирок азырынча массалык иш-чараларды токтотууга негиз жок экенин айтышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эске салсак, ишемби күнү кечинде Москва облусунун Одинцово районундагы Можайское шоссесинде россиялык журналист жана саясат таануучу Дарья Дугина бараткан Toyota Land Cruiser автоунаасы күйүп кетип, кырсыктан өзү көз жумган. Ал белгилүү коомдук ишмер, философ Александр Дугиндин кызы болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча, автоунаага жардыруучу зат коюлган.
Мамлекеттик Думага "Бирдиктүү Россия" партиясынан келген депутат Олег Морозов окуядан кийин массалык иш-чаралар өткөн жерде коопсуздукту күчөтүү керектигин, бирок аларды уюштурууну токтотуунун кажети жок экенин айткан. Анын пикиринде, окуяга Киев режиминин тиешеси бар.
Федерация кеңешинин эл аралык комитетинин жетекчисинин биринчи орун басары Владимир Жабаров да коомдук иш-чаралардын токтотулушуна каршы чыккан. Ал элди сак болууга чакырган.
Еревандагы жарылуудан каза тапкандардын саны 16га жетти, бирөө жаш бала