Кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасына ырчынын "Даанышман", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Кыздар, ай", "Окудуң борбор шаарынан", "Сагынам" деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары калган.
Муса Баетов 1902-жылдын 10-ноябрында азыркы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган. Учурда залкар таланттын ысымы райондун борборуна берилип, Дөрбөлжүн айылы Муса Баетов болуп аталган.
Муса Баетов беш жашында атасынан, 8 жашында энесинен айрылган. Бирок атасы өнөргө жакын адам болгондуктан балдарына таланты оошуп, жети баласы тең комузга, ыр-күүгө жакын болушат. Эжеси Үрпүкан, агасы Чодолдой да комузда кара күүлөрдү, обондорду мыкты чертишкен. Муса да кичинесинен созолонто ырдап, комузду эрте колго алган.
Кийин 14 жашында, 1916-жылы Үркүндө элдин шары менен Кытайга байдын малын айдап барып, өлбөстүн күнүн көрүп жүрүп 1917-жылы аман-эсен кайра кайтып келет.
Улуу музыкант секетпайларды ырдоону, ырга текст жазууну Байымбет молдо Абдырахмановдон (Тоголок Молдо) жана комуз чертүүнү, комуздун коштоосунда ырдоону Ыман Бердик аттуу комузчудан үйрөнөт.
Ал 1922-жылы Ак-Талаада өткөн бир чоң ашта ырдап манаптан токмок жеп, анын куугунтугунан улам Нарынга келүүгө аргасыз болот. Ошентип жүрүп Калык Акиев менен жолугуп, анын жанында көп жыл бирге жүрүп Токтогул Сатылгановдун ыр-күүлөрү менен таанышат.
Кийин Нарынга газета чыгарууга жиберилген Кубанычбек Маликов иш сапары менен жүрүп Ак-Талаадан Муса Баетовго жолугат. Баетовдун алгачкы концерт беришине Маликов менен тайпалашы Абдылда Байымбетовдун салымы зор.
Ошентип Баетов Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрына, анан Кыргыз мамлекеттик филармониясына кабыл алынып, туңгуч солист болот. Андан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына солисттик кызматка которулуп "Айчүрөк" операсында Сыргактын, "Манас" операсында Алмамбеттин партияларын аткарган.
1939-жылы Москва шаарында өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө Кремлдин Сарайында 5-июнда өткөн Сталин келип катышкан жыйынтыктоо концертинде эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдап чыгып, өзүнүн өзгөчө талант экендигин көрсөткөн. Ошол он күндүктүн жыйынтыгы боюнча Эмгек Кызыл Туу орденин алып, Кыргыз ССРинин эл артисти наамына жетишкен. Ал кыргыз маданиятына гармонь инструментин аралаштырган.
Ырчы 1949-жылы 9-майда катуу оорудан каза болгон. Анын ысымы Фрунзе шаарындагы бир көчөгө ыйгарылган. Жашаган үйүнө мемориалдык такта кадалган. Балбай Алагушов 2002-жылы "Арпанын Ала-Тоосунан" обондуу ырлар топтомун түзсө, жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев таланттуу ырчы тууралуу "Булбул көмөкөй" деп аталган повестин жазган.