Financial Times: Россиянын газы жок Германияны рекорддук инфляция тоорушу ыктымал

Нагель энергетикалык каатчылык тереңдеген сайын келерки кышта рецессия болорун божомолдогон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Германиянын Борбордук банкынын башчысы Иоахим Нагель өлкө 70 жылдан бери биринчи ирет рекорддук инфляцияга кабылып жаткандыктан негизги ставканы көтөрүү керектигин эскерткен. Бул тууралуу Financial Times басылмасына таянып РИА Новости жазды.
"Геосаясий тирешүү жана ташып жеткирүү жаатындагы кыйынчылыктар уланууда. Россия газ берүүнү дароо эки эсеге кыскартты. Мындан улам көгүлтүр от менен электр энергиясына болгон баа биз күтүп жаткандан дагы эки эсеге жогорулады", — деген экономист.
Анын айтымында, көтөрүлгөн инфляция көйгөйү Германияны 2023-жылы да түйшөлтөт. Нагель энергетикалык каатчылык тереңдеген сайын келерки кышта рецессия (экономиканын ар тармагындагы кескин төмөндөө — ред.) болорун божомолдогон.
Эске салсак, Россия газынын экспорту Украинадагы атайын операция башталгандан кийин төмөндөгөн. "Түндүк агым" жана Украинанын газ ташуу системасы аркылуу жеткирүү кыйла азайып, Ямал — Европа жолу аркылуу ташуу таптакыр токтоду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батышты бул кышта энергетикалык апаат күтүп турат