БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Тергөөдө алынган маалыматтар Александр Дугиндин кызы Дарья Дугинанын өлүмү алдын ала пландалганын жана буюртма берилген мүнөзгө ээ экенин айтып турат. Бул тууралуу РИА Новости РФтин Тергөө комитетине шилтеме берип жазды.
Учурда жардыруучу зат айдоочу отурган жердин астына, тагыраагы, Дугинага туштап коюлганы белгилүү болгон.
Ошондой эле окуяга тиешеси барларды жана күбөлөрдү аныктоо үчүн видеокаттагычтан тасма алынып, ыкчам кызматтын адистерине өткөрүп берилген.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова комментарий берип, тартип коргоо органдары Дугинанын өлүмү боюнча иликтөөнү баштагандыгын айткан.
"Эгерде ДЭР башчысы Денис Пушилин айткандай Украинанын колунан келгени байкалса, аны компетенттүү органдар текшерип чыгышы керек. Анда киевдик режим тарабынан жасалган мамлекеттик террорчулук саясат туурасында кеп жүрүшү керек", — деген Захарова.
Эске салсак, ишемби күнү кечинде Москва облусунун Одинцово районундагы Можайское шоссесинде россиялык журналист жана саясат таануучу Дарья Дугина бараткан Toyota Land Cruiser автоунаасы күйүп кетип, кырсыктан өзү көз жумган. Ал белгилүү коомдук ишмер, философ Александр Дугиндин кызы болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча, автоунаага жардыруучу зат коюлган.