БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Подмосковьеде автоунаа жарылып, кырсыктан философ Александр Дугиндин кызы Дарья Дугина каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Алгач Москва облусунун Одинцово районундагы Можайское шоссесинде жеңил автоунаа күйүп кеткени кабарланып, окуя болгон жерге ыкчам кызматтын адистери барган.
РИА Новости кабарлагандай, журналист жана саясат таануучу Дарья Дугинанын автоунаасы жарылган соң Тергөө комитети кылмыш ишин козгогон. Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгү боюнча козголгон ишти тергөөнү Москва облустук прокуратурасы өз көзөмүлүнө алган.
Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, 20-августта саат 21:00 чамасында Одинцово районунун Большие Вязёмы поселогуна жакын жерде Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаага коюлган жардыруучу заттан улам жолтандабас күйүп кеткен.
"Автоунааны айдап бара жаткан кыз кырсыктан көз жумган. Ал — журналист жана саясат таануучу Дарья Дугина болуп чыкты", — деп айтылат тергөөнүн маалыматында.
Окуя болгон жерде тийиштүү адистер иштеп жатканы айтылды.
Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилин аталган кылмышка украиналык террорчуларды айыптады. Ошондой эле ал чындыгында философ Александр Дугинге кол салуу аракети даярдалып жатканын божомолдоду.
Александр Дугин — белгилүү философ, саясат таанучу, публицист. Март айынан бери ал Украина окуяларына байланыштуу АКШнын санкциялык тизмесинде. Ушундай эле санкцияны ага каршы Канада менен Австралия да киргизген.
Ал эми Дарья Дугина анын кызы. Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктап, Эл аралык Евразия кыймылында саясий байкоочу болуп иштеген.