БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин Индонезиядагы G20 саммитине катышса, анда бул эки өлкө тең Батыштын үстөмдүгүнө баш ийбей, дүйнөдө өздөрүнүн канчалык маанилүү экенин далилдеп жатканынан кабар берет. Бул тууралуу кытайлык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Буга чейин Индонезиянын президенти Жоко Видодо Путин аны менен сүйлөшүүдө саммитке келүү ниетин билдиргенин ырастаган. Видодо Си Цзиньпин да лидерлердин жолугушуусуна келерин айткан. Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тастыктай элек.
Макалада Москва, Пекин жана Батыштын ортосундагы тирешүү "Чоң жыйырмалыктын" жыйынына көлөкө түшүрүп, башка өлкөлөргө бир топ кесепетин тийгизери айтылат.
Буга чейин Видодо тирешип жаткан тараптарга диалог аянтчасын түзүп берип, тынчтык жана туруктуулукту орнотууга кызыкдар экенин айткан. Ошондой эле ал бул нерсени чөлкөмдө Индонезия гана эмес, бүтүндөй Азия өлкөлөрү каалап жатканын кошумчалаган.
"Эгерде Си Цзиньпин Балиге барса, бул анын пандемия башталгандан берки чет өлкөгө жасалган биринчи сапары болот. Демек, ал пандемияга чейинки деңгээлдеги байланышты (бүтүндөй дүйнө менен) тереңдетүү жана жаңылоону каалап жатат. Ошол эле маалда орус лидеринин саммитке келүү чечими дагы символикалуу. Бул курчоодо калган Россиянын дагы эле дүйнөдө негизги ролду ойноп жатканын көрсөтүү аракети”, — деп айтылат макалада.
Балидеги саммит
"Чоң жыйырмалыктын" лидерлеринин саммити 15-16-ноябрда Балиде өтөт. Буга чейин АКШ жана бир катар өлкөлөр быйыл G20га төрагалык кыла турган Индонезияга Украинадагы абалдан улам Россиянын саммитке катышуусунан баш тарттыруу үчүн басым жасаганга аракеттенген. Бирок Жакарта Россияга чакыруу жолдонгонун жана аны кайрадан артка чакырууга мүмкүн эместигин айткан.
G20 саммити экономикалык маселелерди карайт, саясат анын күн тартибине таасир этпеши керек. Ушул эле учурда Индонезия өкмөтү АКШ жана анын союздаштарынын сунушу боюнча Украинаны да иш-чарага чакырган.