Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Запорожье АЭСинин кызматкерлери Украина бийлигин ок атууну токтотууга чакырды

Станция кызматкерлери Киев бийлигинин бул кадамы эл аралык кырсыкка алып келиши мүмкүн экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Запорожье АЭСинде мурда иштеп кеткен жана азыр иштеп жаткан кызматкерлери Киев бийлигин атомдук станцияны аткылоону токтотууга чакырган видео кайрылуу жасашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ролик Запорожьедеги атомдук станцияга жакын жайгашкан шаардын администрациясынын Telegram-каналына жарыяланды.

"Акыркы бир нече жумадан бери шаарга, станциянын өнөр жай аянтчасына тынбай сокку урулууда. Эл мунун баарын ким жасап жатканын жакшы билет. Мен Днепрдин аркы тарабында чечим кабыл алып жаткандарга кайрылам. Сураныч, токтоткулачы! Силердин ойлонбогон жана кооптуу мындай кадамыңар эл аралык кырсыкка алып келиши ыктымал. Бул жакта адамдар каза болуп жатат", — деген станциянын Андрей Луганый аттуу кызматкери.

Ушундай эле видео кайрылуу менен АЭСте буга чейин иштеп кеткен дагы үч кызматкер чыккан.
Буга чейин РФтин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Киев режими БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Украинага иш сапарын утурлай Запорожье атомдук электр станциясында резонанстуу чагымчылык даярдап жатканын айткан. Чагымчылыкты даярдоо үчүн "Днепр" оперативдүү-тактикалык тобунун командачылыгы Запорожье облусунда радиациялык байкоочу пунктуларды жайгаштырган. Ошондой эле 108-аймактык коргонуу бригадасынын бөлүктөрүн, 44-артиллериялык бригадасынын машыгууларын уюштурган.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген. Ал март айынан бери Россия аскерлери тарабынан кайтарылып келет.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Август айынын башында Украинанын Куралдуу күчтөрү станцияны аткылоону күчөттү. Запорожье администрациясынын өкүлү Владимир Роговдун маалыматы боюнча, алар башкарылуучу ракеталар жана Батыштан чыгарылган снаряддар менен аткылап жатат. Бир чабуулдан кийин жогорку вольттуу линиядагы "Каховка" подстанциясы жабыркаган, мындан улам эки энергетикалык блоктун кубаттуулугу азайтылган болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия аскерлери Запорожье АЭСин күчөтүлгөн режимде кайтара баштады