БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бир катар аткаминерлерге сөгүш жарыялап, эскертүү берди.
Маалыматка караганда, алар Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткара алган эмес.
Берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн:
транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевге сөгүш жарыяланды.
"Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" президенттин жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:
президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановго;
Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиевге;
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын начальниги Руслан Термеевге.