Садыр Жапаров дагы бир министрге катуу сөгүш берди

Маалыматка караганда, ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн мындай жазага кириптер болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка караганда, ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн мындай жазага кириптер болгон.
"Президент Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, "КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" кабыл алынган аталган уставдын пунктунун Б пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди", — деп айтылган маалыматта.
Садыр Жапаров бир министрге сөгүш жарыялап, жетекчилерге эскертүү берди