Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия аскерлери Запорожье АЭСин күчөтүлгөн режимде кайтара баштады

Өткөн түндө дагы Энергодарды аткылоо болду. Бирок Запорожье АЭСи жабыркаган жок, радиация өз деңгээлинде кармалып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. АКШнын Запорожье АЭСиндеги кырдаалга байланыштуу калпы украин армиясын техногендик кырсыкка алып келчү кылмыштуу пландарды ишке ашырууга түртүп жатат. Бул тууралуу Россиянын Вашингтондогу элчилигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
"АКШ президентинин администрациясынын станциянын аткыланып жатканы боюнча үн катпаганы Киевге жазасыз калчудай үмүт берип жатат. Андыктан Украинанын аскерлери АЭСке системалуу түрдө сокку урууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Дипломаттар Мамдепартаменттин "Россия өзөктүк коопсуздук маселелерине көңүл бурбайт жана атомдук станциянын кызматкерлерине зомбулук көрсөтүп жатат" деген версиясын четке какты.
"Вашингтон биздин өлкөнү каралоо аракети боюнча ачыктан-ачык калп айтып жатат", — деди дипломатиялык миссия.
Белгилей кетсек, өткөн түндө дагы Энергодарды аткылоо болду. Бирок Запорожье АЭСи жабыркаган жок, радиация өз деңгээлинде кармалып турат.
Ал эми бүгүн АЭСти коргоо системасы күчөтүлдү. Анткени буга чейин РФтин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Киев режими БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Украинага иш сапарын утурлай Запорожье атомдук электр станциясында резонанстуу чагымчылык даярдап жатканын айткан. https://sputnik.kg/20220818/rossiya-kiev-zaporozhe-aehsi-provokaciya-1066903340.html Чагымчылыкты даярдоо үчүн "Днепр" оперативдүү-тактикалык тобунун командачылыгы Запорожье облусунда радиациялык байкоочу пунктуларды жайгаштырган. Ошондой эле 108-аймактык коргонуу бригадасынын бөлүктөрүн, 44-артиллериялык бригадасынын машыгууларын уюштурган.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген. Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келет.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Август айынын башында Украинанын Куралдуу күчтөрү станцияны аткылоону күчөттү. Запорожье администрациясынын өкүлү Владимир Роговдун маалыматы боюнча, алар башкарылуучу ракеталар жана Батыштан чыгарылган снаряддар менен аткылап жатат. Бир чабуулдан кийин жогорку вольттуу линиядагы "Каховка" подстанциясы жабыркаган, мындан улам эки энергетикалык блоктун кубаттуулугу азайтылган болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ТИМ: МАГАТЭ делегациясы Запорожье АЭСине Киевдин аткылоосунан улам бара албайт