Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Өлгөндөрдүн арасынан жакынын издегендер. Мариуполдон тартылган видео

Мариуполдо кайгы менен кырсык кыйгап өткөн үй-бүлө дээрлик жок. Бирөөлөр тирүүлөрдүн арасынан жакынын издесе, кээси өлгөндөрдүн тизмесине тигилет. Көбүнө ДНК-материал жасатканга туура келүүдө, бул ыкма көп учурда тууганынын сөөгүн табууга жардам берип жатат.
Sputnik
Sputnik Кыргызстандын журналисттер тобу Мариуполго барган. Алар шаарда жана анын чет-жакасында жашагандар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аткылоосу алдында кантип күн кечирип жатканын көрсөтүп берүүнү максат кылган.
Мариуполдун соттук-медициналык экспертизасынын бөлүм башчысы Эльнур Гусейновго күнүнө 70-100гө чукул киши жакындарын издеп кайрылат.
"Бизге алып келген сөөктөрдү текшере келгенде 60-65 пайызы белгисиз болуп калды: аялдар, эркектер, балдар. Аларды аты-жөнү такталбагандар деп белгилеп, ар бирин өзүнчө жайга номер коюп көмдүк. Кийин аларды табыш маселе жаратпайт. Эгерде ДНК-материал дал келсе же башкалар аны сүрөтүнөн тааныса, полиция кызматкерлери менен туугандар тарабынан кандай кылып таанылганы боюнча протокол түзүшөт. Андан кийин сөөктүн кайда көмүлгөнүн табууга болот. Тагылган номерди алып, маркумдун аты-жөнүн жазып, илишет", — деп айтып берди ал.
Эльнур Гусейнов эң качан унута албай турган учурлар болгонун да айтты.
"Бир кишинин окуясын такыр унута албайм, фамилиясы эсимден чыгып кетти. Мариуполдун ар кайсы жагынан туугандары келип, анын үйүнө чогулушкан. Беркилери тогуз, ал эми тиги киши менен 10 болуптур. Бир түнү "тарс" эткен үндөн ойгонуп кетет, ашкананын эшиги жабык болчу дейт. Эшикти ачса калган тогузунун бири да калбаптыр... баары көз жумуптур", — деп айтып берди Гусейнов.
Анын айтымында, кээ бир өлүктөрдү талкаланган үйлөр ураганы тургандыктан алып чыгууга болбой жатат. Мындай учур ал тургай тажрыйбалуу делген ӨКМдин кызматкерлери үчүн да кооптуу, себеби араң турган каркас басып калышы мүмкүн.
Тема боюнча:
Миңдеген мүрзөнүн арасынан уулунун жаткан жерин издеген эне. Видео
"Азовчулар" мууздап салабыз дешти. Мариуполдо аман калгандардын видеосу
Донбасс күндөлүгү: кыргызстандыктар көргөн чындык