Кытайда дүйнөлүк хаос эмнеден башталганы айтылды

Макалада Кошмо Штаттар Кытай жана Россия менен касташа турган болсо, дүйнөдөн өзүн обочолонтуп коё турганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. АКШнын күчтүү державамын деген дымагы менен азыркы ээрден ооп бараткан абалы бири-бирине дал келбей жатат. Бул дүйнөлүк хаостун баштапкы себеби экени чагылдырылган макала Кытайдын Global Times басылмасына жарык көргөнүн РИА Новости жазды.
Материалда кыйрап бараткан АКШ менен Батыш өз коркунучун өзү жеңе алабы деген маани камтылган.
"Эл аралык тартип жагынан алып караганда Кытай менен Россия чындык жана акыйкаттыкты коргоп жатат. Алардын фонунда АКШ гегемонизмдин анык өкүлү болуп саналат. Кошмо Штаттар Кытай жана Россия менен касташа турган болсо, дүйнөдөн өзүн обочолонтуп коёт", — деп жазылган макалада.
Буга чейин Пекин университетинин доценти Сюй Лян АКШнын тышкы саясаты гегемониясын сактап калуу үчүн дүйнөдө туруксуздук жаратууга багытталганын белгилеген.
Мурдагы мамлекеттик катчы Генри Киссинджер Вашингтонго байланыштуу Москва жана Пекин менен кооптуу кырдаал жаралганын айтып, бул куралдуу чыр-чатакка алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай: АКШ Украина боюнча канча актанбасын, ага эч ким ишенбейт