Диетолог табитти азайтуучу татымалдарды атады

Дарыгер бул татымалдар туура тамактануу же активдүү жашоо образын сактаган учурда организмге эки эсе пайда алып келерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Корица, жалбыз жана имбирь адамдын табитин азайтып, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, диетолог Дарья Русаковага шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
Анын айтымында, кофеге корица кошуп ичкенде зат алмашуу тездеп, кандагы глюкозанын деңгээли жөнгө салынып, адамдын таттууну көп жегиси келбей калат.
"Ал эми жалбыз кошулган чай ичегилерди тазалоого жардам берет, ичтин катышын алдын алат. Имбирь холестеринди төмөндөтүүгө, зыяндуу заттарды организмден чыгарууга шарт түзөт. Мындай учурда адам бир топ убакытка чейин өзүн ток жүргөндөй сезет", — деди адис.
Дарыгер бул татымалдар туура тамактануу же активдүү жашоо образын сактаган учурда организмге эки эсе пайда алып келерин кошумчалады.
Жыныстык жашоону өтө кеч баштаса эмне болот? Жаңы изилдөө