Бишкектин вице-мэри алмашты

Мэрдин орун басары менен департаменттин жетекчисин дайындоо боюнча буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Нурдан Орунтаев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Нурдан Орунтаев
Ал эми Орунтаев мурда ээлеп турган Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменттин директорлугуна Рыскулбек уулу Талант дайындалган. Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Чолпон-Атага жаңы жетекчи дайындалды. Ал тууралуу эмне белгилүү