Милиция: Бишкек мэриясы мектептердин жанына 100дөн ашык белги орнотушу керек

Мониторинг борбор калаадагы 104 мектептин айланасында жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкектеги мектептердин айланасында 101 даана жол белгиси жетишпегендиктен, мэрияга аларды орнотуу сунушталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.
Мониторинг борбор калаадагы 104 мектептин айланасында жүргүзүлгөн.
Кандай белгилер жетишсиз:
"Максималдуу ылдамдык чеги" — 10 белги;
"Балдар" — 7;
"Жөө жүргүнчү" — 14;
"Жасалма тоскоолдук" — 14;
"Аракет убактысы" — 23;
жеке долбоорлоо белгилери — 33.
Ошондой эле Милициянын кайгуул кызматы шаардык кызматтарга 22 жерде бак-дарактарды кыркып, 40 жерде белгилерди жаңыртууну сунуштады.
Баланын жолдогу коопсуздугу. Ата-энелерге жол эрежеси боюнча 9 кеңеш