Кыргызстандык жаш режиссердун тасмасы эл аралык эки сынакка катышат

Фильм Айбек Дайырбековдун "Экспедиция" кыймылынын алкагында тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаш режиссер Тыныстан Темиржан уулунун "Жашыл талаа" аттуу тасмасы эл аралык эки сынакка катышканы турат. Анын биринчиси Москва эл аралык кинофестивалы, экинчиси BAIQONYR International Short Film фестивалы экенин Кинематографияны колдоо фонду кабарлады.
44-ирет өткөрүлүп жаткан Москва эл аралык кинофестивалы быйыл 28-августтан 2-сентябрга чейин болору айтылды. Ал эми Казакстан жана КМШ кинолорун таанытууну көздөгөн BAIQONYR International Short Film иш-чарасы 7-11-сентябрда Алматы шаарында өтмөкчү.
Фильм Айбек Дайырбековдун "Экспедиция" кыймылынын алкагында тартылган.
"Жашыл талаа" тасмасы 2022-жылы жарыкка чыккан. Анын каарманы — камкор уул, шайыр жигит жана абдан эмгекчил, кыялкеч адам. Ал футбол талаасына чыгууну кыялданат.
Керемет! Москвадагы фейерверк фестивалында КР командасы өнөрүн көрсөттү. Видео