Ысык-Көлдүн пляждарында эмнелерге тыюу салынат. Тизме

Токтомдун долбоору президенттин жарлыгын аткаруу максатында түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик Ысык-Көлдүн пляждарында айрым нерселерге тыюу салды.
Токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылды. Ал президенттин "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыккан.
Документке ылайык, пляждын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
кишилердин жашоосуна;
кампа, соода жайларга, коомдук тамактануучу жайларга, мончолорго, сауналарга;
кир жууганга, жаныбарларды пляжга сейилдетип жана көлгө жуундурганга;
канализациянын түтүктөрүн алып чыгып таштаганга;
бассейндин суусун төккөнгө.
Ысык-Көлдүн тургундары эми пляждарга тоскоолдуксуз кире алат. Жапаровдун жарлыгы