Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия: Киев Запорожье АЭСи боюнча ири чагымчылык даярдап жатат

АЭС март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Киев режими БУУнун башкы катчысы Антониу Гутеррештин Украинага иш сапарын утурлай Запорожье атомдук электр станциясында резонанстуу чагымчылык даярдап жатат. Кийин техногендик кырсык үчүн Россияны айыптоо пландалганын РФтин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков РИА Новостиге билдирди.
Чагымчылыкты даярдоо үчүн "Днепр" оперативдүү-тактикалык тобунун командачылыгы Запорожье облусунда радиациялык байкоочу пунктуларды жайгаштырууда. Ошондой эле 108-аймактык коргонуу бригадасынын бөлүктөрүн, 44-артиллериялык бригадасынын машыгууларын уюштуруп жатат.
"Мындан тышкары, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн айрым бөлүктөрү 19-августка чейин Запорожье облусуна топтолуп, АЭСтеги авария фактысын каттоого алууга даяр болушу керек. Ошондой эле анын кесепеттерин жоюуга аракет кылып жаткандай түр көрсөткөнү жатышат", — деди Конашенков.
Анын айтымында, Украина жетекчилиги "орус аскерлери бул атомдук станцияны ээлеп алды, анын артына жашынып, алыс аралыкка атуучу артиллериялык системалардан аткылап жатат" деген жалган кептерди таратышкан.
"АЭСтин тегерегинде россиялык аскерлердин оор куралдары жок. Ал жерде коопсуздук бөлүктөрү гана жайгашкан", — деди ал.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген. Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келет.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Август айынын башында Украинанын Куралдуу күчтөрү станцияны аткылоону күчөттү. Запорожье администрациясынын өкүлү Владимир Роговдун маалыматы боюнча, алар башкарылуучу ракеталар жана Батыштан чыгарылган снаряддар менен аткылап жатат. Бир чабуулдан кийин жогорку вольттуу линиядагы "Каховка" подстанциясы жабыркаган, мындан улам эки энергетикалык блоктун кубаттуулугу азайтылган болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу Гутерриш менен Запорожье АЭСинин коопсуз иштөө шарттарын талкуулады