Аба кемеси тоонун үстүнөн учуп баратып туманда калган. Бул учурда тик учакты ичиндегилер башкара албай калып, ал жарды сүзгөн. Бир саамдан кийин Флорес камераны өзүн каратып кырсык 4,5 миң метр бийиктикте болгонун айткан.
"Бизге жардамга бирөө келсе жакшы болмок. Кээ биринин колу-буту сынды окшойт", — деген ал.
The Daily Mail басылмасы маалымдагандай, бактыга жараша тик учактын ичиндеги алты адам тең аман калган. Куткаруучулар баргычакты алар бир нече саат токойдо жүрүп калышкан. Жабыркагандар ооруканага жаткырылганы айтылды.
Тема боюнча: