Муфтият пандемияда ажылыкка барбай калгандардын акчасын кайтара баштады

Буга чейин зыяратчылардын акчасы жеке максатта колдонулуп кетти делип, мурдагы муфтийге кылмыш иши ачылган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Муфтият ажылыкка катталып, бирок барбай калган кыргызстандыктарды акчасын кайтарып алып кетүүгө чакырды.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кайрылуу жасап, быйылкы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штаб чечим чыгарганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2019-2020-2022-жылдары ажылык зыярат кылуу үчүн катталып, бирок барбай калган жарандарга төлөгөн акчасы кайтарып берилет. Муфтият алардын кезеги сакталып каларын эскертти.
Сауд Аравия быйылкы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн. Ар бир зыяратчы муфтиятка 4 500 доллардан төлөп барып келишкен.
Эске салсак, былтыр 10-февралда УКМК муфтияттын жетекчилиги зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын айтып, ошол кездеги муфтий Максат ажы Токтомушев менен мекеменин эсепчисин кармаган. Аларды зыяратчылар тарабынан түшкөн 100 миллион сомдон ашык сумманы насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөм алуу менен өз максаттарына жумшаган деп айыптаган. 2020-жылы пандемиядан улам ажылык сапар уюштурулбай калганына байланыштуу чогулган каражат муфтияттын эсебинде туруп калган эле.
Быйыл 2-августта Токтомушев ажылыктын коротулуп кеткен акчасын муфтиятка толугу менен кайтарып бергени белгилүү болду.
Кадамжайда умрага жөнөтөм деп элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен аял кармалды