Кытайлык дарыгерлер 550 кыргызстандыкка акысыз операция жасоого даяр

Октябрда кытайлык медиктердин тобу Кыргызстанга келиши пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кытайлык офтальмологдор кыргызстандыктар үчүн 550 бекер операция жасап бере алат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Кытайлык офтальмологдор кыргызстандыктар үчүн 550 бекер операция жасап бере алат

2 / 3

Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

3 / 3

Дипломат министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолуккан

Дипломат министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолуккан.
Октябрь айында Кытайдан дарыгерлердин келиши пландалууда. Министрлер кабинетинин "Экспресс ден соолук" долбоорунун алкагында Кыргызстандын муктаж болгон жарандарына (көздүн катарактасына) бекер операция жасалмакчы.
Кыргызстанда кулагы укпаган адам калбаса дейм. Хирург Марлен Маманов менен маек