Кытайдын элчиси чек ара пунктуларынын иш мөөнөтү узартылганын айтты

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь жолугушуу өткөрүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кытай тарап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктуларынын иш убактысын августтан тарта 31-октябрга чейин эки саатка узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Кытай тарап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктуларынын иш убактысын августтан тарта 31-октябрга чейин эки саатка узартуу чечимин кабыл алды

2 / 3

Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

3 / 3

Дипломат министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолуккан

Дипломат министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолуккан.
Белгилей кетсек, июнь айында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Ван И Нур-Султан шаарында жолугушкан. Анда алар кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пунктуларындагы соода жана жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүнү макулдашкан.
Өткөрүү бекеттеринин иш мөөнөтү тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.
Мындан тышкары, Кытай эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдардын санын көбөйтүүгө даяр экендигин айтты.
"Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарынын жыштыгын жумасына үч жолкуга чейин көбөйтүү пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда авиакаттамдар эки жумада бир гана жолу ишке ашат.
Кытайлык дарыгерлер 550 кыргызстандыкка акысыз операция жасоого даяр