Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Politico: Европанын алты өлкөсү Киевге убада берүүдөн баш тартты

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай көрүнүш атайын операция башталгандан бери биринчи жолу болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Европанын алты ири өлкөсү Украинага жаңы эки тараптуу аскерий убадаларды берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Германиядагы Киль дүйнөлүк экономика институтунун маалыматына таянып Politico жазды.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай көрүнүш атайын операция башталгандан бери биринчи жолу болуп жатат.
"Бул Киев чечүүчү чабуул жасайбыз деген учурда Европа тараптан Украинага курал-жарак берилбей калышы мүмкүн экенинен кабар берет", — деп айтылат маалыматта.
Киль институтунун изилдөөлөр боюнча директору Кристоф Требеш Европанын Украинага аскерий жардам көрсөтүү темпи апрелдин аягынан бери төмөндөп бара жатканын билдирди.
"Тиреш эң оор фазага жеткенине карабастан, жардам көрсөтүү боюнча жаңы демилгелер көтөрүлбөй калды", — деди адис.
Жакында эле Киев Херсон облусуна каршы контрчабуул жасоо ниетин жарыялаган. Ал эми РФтин Мамлекеттик Думасынын Крым аймагынан шайланган депутаты Михаил Шеремет бул аракеттер орду толгус жоготууларга алып келерин айтууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ТИМ: МАГАТЭ делегациясы Запорожье АЭСине Киевдин аткылоосунан улам бара албайт