Эрдоган Львовго Зеленский менен жолугуш үчүн келип, сүйлөшүү башталды

Бир катар ЖМКлар Путин менен Зеленский Украинанын "жол картасын" аныктоо үчүн жолугушуу мүмкүн экендигин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган Львов шаарына Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугуу үчүн келип, учурда сүйлөшүү жүрүп жатканын РИА Новости кабарлады.
Эрдогандын бейшемби күнү Львовдо Зеленский жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш менен кезигерин Yeni Şafak басылмасы билдирген эле.
Түркия ЖМКларынын кабарлаганына караганда, Эрдоган сапар учурунда Зеленскийге РФ президенти Владимир Путин менен жолугушуу уюштурууну сунуштайт.
CNN Turk маалымат булактарына таянып Путин менен Зеленский Украинанын "жол картасын" аныктоо үчүн жолугары мүмкүн экендигин билдирди.
"Путин туура айткан". Батыш Украинага жардамын качан токтотот