Күн салкындайт. Дем алышка карата аба ырайы

Апта аягында айрым жерлерге эки күн катары менен жамгыр жаашы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет апта аягындагы эки күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Жуманын этегинде айрым аймактарга жаан жаашы ыктымал. Бишкекте ишембиде өткүн өтүшү күтүлүүдө. Абанын температурасы 24...26 градус ысык болот.

Чүй, Талас облустары

Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы 22...24 градуска жетиши мүмкүн. Ал эми Чүйдө эки күн катары менен жамгыр жаашы божомолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-августта күндүз жана 21-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Оштун тоолуу аймактарына жамгыр жааса, дыйканчылык жерлеринде күн ачык ачык болору божомолдонду. Абанын температурасы 31 градуска чейин ысыйт. Жалал-Абад менен Баткенде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 27...29 градуска чейин ысышы ыктымал.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көлдө эки күн катары менен жамгыр жаашы күтүлүүдө. Каракол шаарында жамгыр жаабай турганы айтылды. Күн салкындап, абанын температурасы 18...23 градусту көрсөтөт. Нарында жамгыр жаабайт, күн 25 градуска чейин ысышы ыктымал.
Күн сууктайбы? Сентябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы