БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. COVID инфекциясын жуктурган сайын кесепети да оор болот. Бул тууралуу Sputnik радиосуна медицина илимдеринин кандидаты, иммунолог Николай Крючков айтып берди.
Анын билдиришинче, коронавирустун "омикрон" штаммы "дельта" вариантына караганда өлүмгө көп кептебейт, адам көп кыйналбайт, бирок кайталап жуктурса дарт мурдагыдан оор өтүшү мүмкүн.
"Соңку ири иликтөө коронавирус инфекциясына кайрадан кабылуу баштапкыга караганда оор болушу мүмкүндүгүн көрсөттү", — деди иммунолог.
Адис муну коронавирус организмди "талкалап" кеткени менен түшүндүрдү.
Иммунолог COVID илдетин биринчи же экинчи ирет жуктуруп жеңил өткөргөн бейтаптар ооруну тоготпойм дегенден алыс болушу керектигин белгиледи. Ал санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап, вакцина алууга чакырды.