Иштебегендерге айлык төлөнчү. УКМК "Тазалыктагы" коррупцияны аныктады

Маалыматка караганда, мекеменин жооптуу кызматкерлери эмгек акыны эсептөөдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. "Тазалык" ишканасында акча каражаттарын чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Маалыматка караганда, мекеменин жооптуу кызматкерлери эмгек акыны эсептөөдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.
"Иликтөө учурунда "Тазалыкта" иштебеген, кыскартылган же чет өлкөдө жүргөн адамдарга эмгек акы төлөнгөн схема уюштурулганы аныкталды", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулардын бири "Тазалык" ишканасынын кызматкери Ч.М. экени, ал буга чейинки нааразылык акцияларынын демилгечилеринин арасында болгону белгиленди.
"Натыйжада ишкананын ишинде мүчүлүштүктөр болгон", — деди УКМКдан.
Кылмыш ишинин алкагында Ч.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Бишкекте таштанды коллапсы качан чечилет? "Тазалыктын" директору жооп берди