Садыр Жапаров: курултайга делегат тандоого аткаминерлер катышпайт

Буга чейин мамлекет башчы "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол коюп, аны 25-ноябрга белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Элдик курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өзү шайлап жөнөтөт. Айыл өкмөт, аким, президенттин өкүлдөрү делегат тандоо иштерине катышпайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу билдирди.
Буга чейин мамлекет башчы "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол коюп, аны 25-ноябрга белгилеген.
Президенттин айтымында, Элдик курултай жөнүндө мыйзам ушул жылдын башында жазылып бүтүп, эки ай бою жалпы элдик талкууга коюлуп, андан кийин Жогорку Кеңешке киргизилген. Бирок кабыл алынбай калды.

"Ошондуктан мыйзам кабыл алынганга чейин быйылкы курултайды жарлык менен чакырууну туура көрдүм. Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жөнүндө жалпы элге маалымат берет. Курултайдын сунуштарын угабыз", — деди ал.

Ошондой эле курултайга кимдер делегат болуп шайланарын түшүндүрдү.
"Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өзү шайлап жөнөтөт. Айыл өкмөт, аким, президенттин өкүлдөрү делегат тандоо иштерине катышпайт. Ошондуктан, эл-журт, делегат шайлоого активдүү катышып бериңиздер", — деди Жапаров.
Курултай Бишкек шаарында өтөт.
Жапаров ККМ колдонууну жана салык ставкасын жеңилдеткен жарлыкка кол койду