Өзөктүк согуштан аман калчу өлкөлөр. Окумуштуулардын божомолу

Өзөктүк куралдын жарылуусу. Архив
Америкалык адистер өзөктүк чыр-чатактын теориялык сценарийин түзүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Өзөктүк согуш боло турган болсо анын кесепетин Аргентина менен Австралия жеңилирээк жөнгө сала алат. Бул тууралуу Ратгерс университетинин окумуштууларынын изилдөөсүнө шилтеме берип Nature Food журналы жазды.
Адистер өзөктүк чыр-чатактын теориялык сценарийинин моделин түшүрүшкөн. Алардын айтымында, шаарларга жана өнөр жай борборлоруна ташталган атомдук бомбалар өрт чыгарып, анын күлү атмосфераны булгайт. Бул нерсе климаттын өзгөрүшүнө алып келип, кургактыктагы жана океандардагы азык-түлүктүн көлөмүн азайтат.
"Эгерде атмосферага 150 тераграммдан ашык (165 миллион тоннадан ашык) көө тараса, кыяматтан үч-төрт жыл өткөндөн кийин дан эгиндерин керектөө болжол менен 90 пайызга азаят", — деп болжолдошууда адистер.
Окумуштуулар жарыяланган картадан Австралия менен Аргентина азыраак жабыркай турганын көрүүгө болот.
"Жаңы Зеландия дагы бул согушту башка өлкөлөргө караганда жеңил өткөрөт. Бирок Азия жана башка континенттен келген качкындардан улам кайра эле азык-түлүк тартыштыгы башталат", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин ЖМКлар АКШ менен Россиянын ортосундагы өзөктүк согуш чыкса натыйжада 5 миллиарддан ашык адам өлүшү мүмкүн экенин жазышкан.
Кремль буга чейин Россиянын өзөктүк курал колдонуу планы жок экенин айтты. Тышкы иштер министри Сергей Лавров апрелде өзөктүк согуштун "өтө олуттуу" тобокелдиктери тууралуу айтып, бирок Россиянын принципиалдуу позициясы өзөктүк куралды колдонууга жол бербестигин билдирген.
Украиналык аскерлер Киевдин жанындагы БТРге отуруп жатат. Архив
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай эксперти: Украинадагы кырдаал Европаны өзөктүк согушка кептеши мүмкүн