Үчүнчү рейхтин ыкмаларын эстеп... Европада "категорияга бөлүү" башталабы?

Россиялыктарга шенген визаларын берүүгө тыюу салууну колдогон Европа биримдигинин мүчөлөрүнүн саны улам артууда. Прибалтика өлкөлөрү, Польша, Чехия, Бельгия чектөөлөрдү эбак киргизгени маалым.
Sputnik
Европа биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин августтун аягындагы жолугушуусунда ушул сунуш талкууланмакчы. Россия үчүн темир көшөгө тартылабы же жокпу деген суроонун тегерегинде кеп учугун Елена Попова чубаган. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланды.
Россия жарандарына шенген визасын берүү маселеси саясий да, этика жагынан да эң көп талкууланган темага айланды. Эстониянын премьер-министри Кая Калластын "Европага келүү – бул адам укугу эмес, артыкчылык" деген билдирүүсү отко май чачкандай эле болду. 18-августтан тарта аталган өлкөгө Эстония тарабынан россиялыктар берилген уруксатты да чектейт.
РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "кастарын тиккен өлкөлөр 80 жыл мурун Европанын борборунан угулган билдирүүлөргө дейре кайрылып жатышканын, бара-бара терең ойлонуп, эстерине келишерин" айтты. Ошентсе да виза берүүгө чектөөнү колдогон мамлекеттердин саны улам өсүп барат. 14-августта дароо эки мамлекет — Польша менен Латвия мындай демилгени жалпы европалык деңгээлге алып чыгарын жар салган. Варшава бул үчүн тийиштүү чаралардын топтомун иштеп чыгууда. Ал эми Ригада россиялыктарга жашоого жана кирүүгө берилген уруксат боюнча да кайра карап чыгууну көздөп жатышат.
"Албетте, россиялык туристтер көп акча калтырган европалык өлкөлөрдүн бир даары мындай сунушту колдобой турганын билем. Германиянын канцлери да бул боюнча шектенүүсүн билдирген. Бирок, менимче, принцип үчүн муну айтпай кое албайбыз", — деди латвиялык президент Эгилс Левитс.
Өз территориясына россиялыктарга кирүүгө ушул тапта он мамлекет тыюу салып же жол-жобосун катаалдантты. Айталы, Чехия 25-февралда эле Россиянын, андан соң Беларустун жарандарына чектөө киргизген. Словакия, Бельгия, Польша, Нидерланд, Дания, Эстония, Латвия жана Литва да ушундай кадамга барган. Бирок аларга бөлөк өлкөлөрдөн алынган гана туристтик "шенген" менен барууга болот.
Пушков: Европанын энергетикалык апаатты алдын алууга азырынча убактысы бар
Аталган мамлекеттердин бул чечимге келтирген жүйөлөрү да ар кандай. Эгер Эстония россиялыктар өлкөнүн ички коопсуздугуна коркунуч келтирет десе, Латвиядагылар Россияга оппозициялык маанайдагы адамдарды көбүрөөк кайтаруу керек деп эсептейт.
Европа биримдигинин визалык кодексинде кыска мөөнөткө виза берүүнү токтотуу мүмкүнчүлүгү жоктугун белгилейт Европа комиссиясынын өкүлү Анита Хиппер. Ал виза берилчү жарандардын категориясы дайым болорун, маселен гуманитардык учурларда, үй-бүлө мүчөлөрү же журналисттерге берилерин түшүндүрдү.
Германиянын канцлери Олаф Шольц демилгенин механизмин түшүнө албай турганын, анткени "Украинадагы окуялар үчүн жөнөкөй жарандар жооптуу эмес" экенин айтат. Айтымында, Россияга каршы масштабдуу санкциялар бир тобуна, көптөгөн конкреттүү адамдарга тиешелүү. Европа биримдигин мындай кескин чараларга Владимир Зеленский да катуу шыкактап келет. Украиналык президент "Россиянын бүтүндөй калкын обочолонтуу керек" деп эсептейт. Өлкөдөн чыгып кеткен оппозиционерлерге ал качкын макамын алууну сунуштаган.
Европа биримдигине мүчө-мамлекеттердин министрлери августтун аягында Прага шаарында виза берүүгө тыюу салуу маселесин карайт. Ал туристтер гана эмес, "жарандык коом өкүлдөрү, студенттер жана европалык жарандардын тууган-туушкандарына" да тиешелүү.
"Ары-бери жүрүү эркиндиги — адам укугунун түпкү негиздеринин бири, — дейт саясат таануучу Сергей Марков. — Аны мындай одоно бузууга чакырыктар глобалдык саясаттагы европалык цивилизациянын ролуна каршы чыгуу".
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина эгини чынында кайда кетүүдө? Сереп
Европа биримдигиндеги бул маселеге көз караштардын айырмачылыгы русофобиянын даражасы менен өлчөнөт. Чыгыш Европа өлкөлөрүндө Россияга каршы асылуулар абдан ачык байкалат.
Бирдиктүү эрежелерди киргизүү үчүн Европа биримдигинин бардык мүчөлөрүнүн макулдугу зарыл экенин айтат Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун европалык укук кафедрасынын доценти Николай Топорин.
"Шенген аймагында ички чек аралар жок, анткен менен Шенген кодекси жөнгө салган тышкы чек аралар бар. Азыр ушул тапта россиялыктарга виза берүүнү токтотууну болжол менен он чакан өлкө сунуштоодо. Алгачкы карлыгач Эстония болуп, өз өлкөсүнө кирүүгө тышкы чек ара аркылуу тыюу салды.
Бөлөк мамлекеттер көз карашын ачыктай элек, айрымдары мындай чараларга нааразы", — дейт эксперт. Шенген зонасындагы мамлекеттердин бири эле россиялыктарды киргизсе кызыктай жагдай түзүлөрүн, маселен, азыр Эстония өзү берген визалар менен да кирүүгө тыюу салды, анткен менен Латвия аркылуу аймагына россиялыктар кире алышарын белгилейт Топорин.
"Эстониялыктар өзү берген визаны жаратпай, бирок латвиялык же финляндиялык виза менен киргизе берет. Бир чечимге келишпесе, бул жосунсуз эле жорук. Айрым мамлекеттер чектөөнү ойлоп тапса, башкалары ага даяр эмес экенин айтышат", — дейт ал.
Башка бир маселеде кыйынчылык жаралышы ыктымал. Россияда Европа биримдиги менен байланыштырып турган Эстония, Латвия жана Финляндия менен кургактагы үч гана чек ара бар. Эгер алар өз аймагын россиялыктарга жаап салса, Европанын башка мамлекеттерине кирүү да кыйла татаал болмокчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Bloomberg: Европа Украинага далысын салууда