БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушу боюнча 2022-жылга пландалган беш чакырым жолдун 70 пайызы бүттү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече долбоорунун алкагында быйыл беш чакырым жол куруу пландалган. Учурда анын жарымынан көбү бүттү. Ишкана жылдын аягына чейин андан тышкары дагы үч чакырым темир жол курууну пландап жатканы айтылды.
"Орчундуу деген тилкелердин бири Боз-Бармак тоосун ортосунан тешип, каздыруу иштери жүрүп жатат. Анда биздин заманга чейинки III кылымга таандык көрүстөн табылып, учурда археологиялык изилдөө иштери жүрүүдө. Учурда жол жасоо иштерине жалпысынан 28 атайын техника, 52 жумушчу тартылган", — деп айтылат маалыматта.
"Кыргыз темир жолу" ишканасы Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече долбоору көмүр ташууда бир топ ишти жеңилдетип экономикалык пайда алып келерин, аймактын экологиялык коопсуздугун камсыздай турганын кошумчалаган.