Радио

Кожошев: акын элден чыгып жаткан соң эл ага талап коё алат

Төкмө акын Чыңгыз Кожошев акындык өнөрдү алып жүрүү, айтыштын милдеттери жана төкмөлөргө карата элдин талап, сыны тууралуу оюн айтты.
Sputnik
Акындар коомдун талабына, табитине жараша өзгөрүп турушу керек, бирок такыр эле коомдун муктаждыгын ээрчип кетип калбашы зарыл. Мындай пикирин Чыңгыз Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акындар көбөйгөн сайын эл алардын ичинен табитине жараша тандоо мүмкүндүгү түзүлүүдө.
"Акын бардык жагдайды ички туюму менен сезип, аны элге жеткире билет. Алар элден чыгып жаткан соң эл алардан талап кылууга акысы бар. Буга чейин "Айтыш" коомдук фонду уюштурулуп, Садык Шер-Нияз жеке ишкер катары кам көрүп келген. Быйылтан баштап театр түзүлүп, акындардын көпчүлүгү ошол жерден маяна алып иштеп жатат. Башкача айтканда, мамлекет тарабынан кам көрүлүүдө. Мурда акындар элден кыйыр колдоо алып келсе, эми түз каржыланууда. Элдин салыгынан айлык алып жаткан соң милдеттер бар. Ошондой эле элдин алдында моралдык жоопкерчилик деген бар. Бул жагынан алганда акындарга сын айтылып турганы жөндүү. Ошол эле учурда ал сын дагы жөндүү болушу зарыл. Бардык нерсе чеги менен болгону дурус. Учурда айтышта шоу басымдуулук кылып жатканы айтылууда. Муну коомдун муктаждыгы катары баалоо керек. Ошол эле учурда "эл каалап" жатат деп эле коомдун муктаждыгын ээрчип кетпеши керек. Акындык өнөрдүн өзүнүн озуйпасы, милдеттери бар, аны унутта калтырууга болбойт", — деди Кожошев.
Ошондой эле ал акындар соңку убакта изденүүнүн үстүндө болуп жатканын кошумчалады.