ТИМ Россияда 3 айлык миграциялык каттоого туруу боюнча маалыматты төгүндөдү

3-сентябрдан кийин пандемияга байланыштуу берилген жеңилдиктер алынып, мурдагы режимге түшөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Россияда кыргызстандыктар үчүн миграциялык каттоого байланышкан жаңы мыйзам кабыл алынды деген маалыматты төгүндөдү.
Учурда социалдык тармактарда Россияда үч айга миграциялык каттоого туруу менен 3-сентябрга чейин Кыргызстандын жарандарына чыгуу-кирүү жол-жобосун ишке ашыруу керектиги тууралуу мыйзам кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымат тарап жатканы белгиленди.
"Аталган маалымат чындыкка дал келбейт. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандарын, анын ичинде Кыргызстандын атуулдарын миграциялык каттоо мурдагыдай эле эмгек келишиминин негизинде бир жылдык мөөнөткө коюлат. Иш жүзүндө жашаган жери боюнча Россиянын аймагына кирген мезгилден тарта 30 күндүн ичинде катталышы керек. Эгерде Россияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болсо 2022-жылдын 3-сентябрына чейин жана андан кийин чыгуу-кирүү жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы жок", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Россияда пандемияга байланыштуу берилген жеңилдиктер 4-сентябрдан тарта алып салынары айтылган. Анда каттоого турбоого, онлайн кайрылууга, шарты жок болсо патентти көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөбөй коюуга, эмгектенүү убактысы бүткөндө чек арадан чыгып-кирбей эле онлайн узартууга мүмкүнчүлүк берилген.
Радио
Сманова: сентябрга чейин РФтеги мигранттар документтерин иреттеши керек