БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Россия өзүнүн союздаштарынын улуттук кызыкчылыгын, аларды коргоону жана муну менен катар эле демократиялык дүйнөнү курууга кадам жасашын камсыздайт. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин Эл аралык коопсуздук боюнча Москвадагы X конференцияда сүйлөп жатып айтты.
РИА Новости Путиндин РФ Куралдуу күчтөрүн жана коопсуздук жаатындагы башка түзүмдөрүн күчтөндүрөрүн, аларды заманбап куралдар, аскердик техникалар менен камсыздаарын айткандыгын жазды.
Россия лидери буга чейин эл аралык укуктун негизине куралган көп уюлдуу дүйнө жалпы коопсуздук үчүн күрөшүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткандыгын белгилеген. Аларды бардык мамлекеттердин бирдиктүү аракетисиз жеңүүгө мүмкүн эместигине токтолгон.
"Россия мурдагысындай эле союздаштары, өнөктөштөрү, пикирлештери менен бирге эл аралык коопсуздук боюнча механизмдерди өнүктүрүү жаатында макулдашкан иштерге демилге көтөрүп, катышып келет. Аны менен катар эле Улуттук куралдуу күчтөрдү жана коопсуздук боюнча башка түзүмдөрдү ырааты менен бекемдеп, алардын заманбап курал жана аскердик техникалар менен жабдылышына кызыкдар. Өзүнүн улуттук кызыкчылыгын камсыздап, биздин союздаштардын бардык элдердин укуктарына жана маданий-цивилизациялуу көп түрдүүлүгүнө кепилдик берген демократиялуу кадамдарды ташташына кам көрөт", — деген Путин.