БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Улуттук энергохолдинг Кыргызстанда мамлекетке караштуу энергетикалык компанияларын бириктирүү иштери аяктаганын кабарлады.
Реструктуризациялоо процесси энергетикалык ишканалардагы өндүрүштүк жана башкаруу процесстерин автоматташтыруу, чыгымдарды оптимизациялоо жана бири-бирин кайталоочу кызматтарды кыскартууга багытталган.
"Реформага ылайык, ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында бир миллиард сомдук каражат үнөмдөлөрү күтүлүүдө. Бул сумма жаңы долбоорлорду ишке ашырууга, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумашалат. Мында энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар "Кыргызстан улуттук электр тармагы" (КУЭТ) акционердик коому менен бириктирилип, абоненттерди тейлөө боюнча бир мекеме түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын жети облуста бирден филиалы негизделген.
Буга чейин бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирге облустарда жогорку чыңалуудагы электр тармактарын тейлөө боюнча КУЭТтин филиалдары дагы иштеп келген. Эми алар бир түзүмдүк бөлүм болуп бириктирилди.
Аны менен катар "Бишкек жылуулук тармактары" акционердик коому "Электр станциялары" ишканасына кошулган.
Кайра түзүүнүн жыйынтыгында "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ишканалары жоюлду.