Пресс-борбор

Бир эле чет элдик студент өлкө экономикасына жылына 8 миң доллар пайда келтирет

Аткаминердин айтымында, өлкөдө башка мамлекеттен келген 20 миңге чукул студент билим алат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ар бир чет элдик студент Кыргызстандын экономикасына жылына кеминде жети-сегиз миң, кээ бири 10 миң доллар алып келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда "Алымкадыр Бейшеналиевдин кайсы чечимдерин министрлик кайра карап чыгат?" аттуу брифингге катышкан.
Касымбековдун айтымында, Кыргызстан медициналык билим берүүнү экспорттоо боюнча жакшы мүмкүнчүлүккө ээ, андыктан өлкө кыйратуу эмес, жаратмандык жолу менен кетиши керек.
"Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген конокторго медициналык билим берүүнү экспорттоо үчүн хаб түзүш керек. Биздин жакшы имиджибиз бар — медиктерибиз күчтүү, мугалимдердин деңгээли жогору деп бааланат. Өлкөдө 20 миңге чукул чет элдик студент окуйт. Алардын ар бирин биз чакан инвестор катары карасак болот. Бир студент Кыргызстандын экономикасына жылына жети-сегиз миң, кээ бири 10 миң доллардан ашуун акча алып келет. Эми аны 20 миңге көбөйтүп көрүңүз. Ал сферада мына ушундай акча айланат", — деди Касымбеков.
Ошондой эле ал студенттер окуу акысын төлөө менен гана чектелбестен, турак жайды ижарага алууга, тамак-ашка, көңүл ачууга каражат саларын кошумчалады.
Пресс-борбор
Касымбеков Бейшеналиев жапкан окуу жайлар эмнеге кайрадан иштеп жатканын айтты