Ала-Арча дарыясына агып кеткен 21 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кыздын сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат куткаруучуларга кечээ түштөн кийин түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Ала-Арча эс алуу жайында Ала-Арча суусуна 21 жаштагы кыз агып кетип каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кыздын сууга түшүп кеткендиги тууралуу ӨКМге 15-августта саат 16:00 чамаларында чакыруу түшкөн. Жерине төрт куткаруучу тартылып, саат 18:20да маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
ӨКМ Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар бөбөктү издөөнү токтотту