Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украин аскерлеринин аткылоосунан Запорожье АЭСинин жанында жарылуу болду

Соңку эки сааттын аралыгында шаар жана АЭСтин аймагында АКШдан алып келинген оор куралдардан 25тей сокку урулган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Украин аскерлери Энергодар шаарын аткылагандан кийин Запорожье АЭСинин жака-белинде бир нече жарылуу болду. Бул туурасында РИА Новости шаардык администрацияга таянуу менен жазды.

“Бүгүн, 15-августта, Днепрдин каршы тилкеси тарабынан жай тургундарга жана Энергодар шаарынын жарандык инфраструктурасын көздөй кайрадан ок атылды. Украина Куралдуу күчтөрүнүн террорчулары бир сааттан ашык убакыттан бери артиллериялык куралдан тынымсыз ок чыгарууда”, — деп кабарлаган жергиликтүү бийлик.

Маалыматка ылайык, соңку эки сааттын аралыгында шаар жана АЭСтин аймагында АКШдан алып келинген оор куралдардан 25тей сокку урулган.
Шаардын эл жыш жашаган райондору, өнөр жай зонасы жана Ивановка айылы аткыланып жатканы белгиленди. Жаракат алгандар саны жана келтирилген зыян такталууда.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген. Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келет.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Август айынын башында Украинанын Куралдуу күчтөрү станцияны аткылууну күчөттү. Запорожье администрациянын өкүлү Владимир Роговдун маалыматы боюнча, алар башкарылуучу ракеталар жана Батыштан чыгарылган снаряддар менен аткылап жатат. Бир чабуулдан кийин жогорку вольттуу линиядагы “Каховка” подстанциясы жабыркаган, мындан улам эки энергетикалык блоктун кубатуулугу азайтылган болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье бийлиги: Россия украин аскерлеринин АЭСке чабуулунун мизин кайтарды