БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Түркияда болуп жаткан Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков менен Канымжан Алмазбек кызы оор атлетика боюнча коло медаль утту. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Расулбеков 102 килограмм салмак категориясында катышып, жулкуп 169, түртүп 216 килограммдык штанганы көтөргөн
© Фото / Департамент физической культуры и спорта КР
Расулбеков 102 килограмм салмак категориясында катышып, жулкуп 169, түртүп 216 килограммдык штанганы көтөргөн. Жалпы эсеп 385 килограммды түзүп, үчүнчү орунду камсыздады.
Ал эми Канымжан Алмазбек кызы 87 килограмм салмак ченинде күчүн сынаган. Алгач жулкуп 76, түртүп 95 килограммды көтөргөн. Жалпы эсепте 171 килограмм болуп коло медалга татыды.
Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык дагы бир спортчу Эмил Молдодосов күмүш байге алган.