БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Пекин Вашингтонду өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүнү токтотуп, "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырат. Бул туурасында Кытай өкмөтүнүн Корея жарым аралы иштери боюнча атайын өкүлү Лю Сяомин Twitter баракчасына жазды.
Дипломат америкалык конгрессмендердин Тайванга болгон жаңы сапары тууралуу комментарий берген. Буга чейин ЖМКлар АКШ Конгрессинин сенатору Эд Марки башында турган делегация 14-15-августта Инди-Тынч океан регионуна жасалган сапардын алкагында Тайбэйге келгенин жазган.
"Бул — от менен ойногон сыяктуу өтө кооптуу кадам. От менен ойногондор күйүп өлөт. Биз дагы да тийиштүү өлкөлөрдү Тайванга байланыштуу маселени чечүүдө "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга жана Пекиндин ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга чакырабыз", — деди Сяомин.
Ошондой эле ал кимде-ким Кытайды кайра бириктирүүгө тоскоолдук кылууга аракет кылса өлкөнүн 1,4 миллиарддан ашуун жашоочусунун колунан жасалган улуу чеп менен кагышарын белгилеген.
Тайвандын айланасындагы кырдаал АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси келип кеткенден кийин оорлошуп кетти. Бул жогорку даражалуу америкалык саясатчынын акыркы 25 жылда аралга жасаган биринчи сапары болуп калды. КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин "келип от менен ойнобошу керектигин" эскерткенине карабастан мындай кадамга барган АКШ "бирдиктүү Кытай" саясатын колдой турганын айтып келет.
Кытай Тайванды өз провинциясы деп эсептеп, дипломатиялык алакасы бар мамлекеттердин Тайбэй менен кандайдыр бир алака түзүүсүнө каршы. Америкалык чиновниктин сапарына жооп кылып Пекин 4-августта ок атуу менен коштолуп, аскер техникасы тартылган масштабуу машыгуусун баштаган.