БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 8-августтан 14-августка чейин коронавирустун жаңы 527 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик департаментинин маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, илдет илештиргендердин ичинен 389у амбулатордук дарыланууда болсо, калган 138 бейтап ооруканага жаткырылган.
Жыл жаңыргандан бери өлкөдө жалпысынан 20 450 адамдан COVID-19 аныкталганы айтылды.