Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Раданын экс-депутаты: Киев Запорожье АЭСин жардырууну пландап жатат

ЗАЭС — Европадагы эң кубаттуу атомдук электр станциясы. Март айынан бери россиялык армиянын коргоосунда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Украинанын Коргоо министрлиги Запорожье АЭСин жардыруу боюнча атайын операция даярдап жатат. Бул тууралуу Жогорку Раданын экс-депутаты Илья Кива Telegram каналына жазды.
"Бул үчүн Коргоо министрлигинин Чалгын жүргүзүү башкармалыгынын Преднистровьеде ушундай эле террордук актыларды жасап келген тобу даярдалууда", — деп кабарлаган экс-депутат.
Ал украин бийлиги боло турган терактыны маалыматтык жактан даярдоону баштаганын белгиледи. Мисал катары саясатчы Россияны негизсиз айыптап, станцияда каргаша болорун божомолдоп келген ИИМ жетекчиси Денис Монастырскийдин сөзүн келтирген.

Тарыхы

Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.
Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келген. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Киевдин мындай аракетин сынга алгандар четтен чыгууда. Киевдин өзөктүк объектилерге жасаган соккусу масштабы жагынан дүйнөнү Чернобылдагыдай каргашага түртүп жатканын Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя айткан.
Ошол эле учурда БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик брифинг өткөрүп, МАГАТЭнин эксперттери Запорожье АЭСине барышы үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи Украинанын Запорожье АЭСине сокку урушу чоң кесепетке алып келерин айтты