BMW беш кишини сүзүп кеткен учур видеого түшүп калган

Автоунаалар айып короого токтотулса, кырсыктан жабыркаган үч киши оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкекте жеңил автоунаа жолдо турган беш кишини сүзүп кеткен кырсык видеокөзөмөл жүргүзгөн камерага түшүп калган.
Окуя Патрис Лумумба көчөсүндө, "Кудайберген" базарынан анча алыс эмес жерде болгон.
Бишкек Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлагандай, окуя 14-августта кечинде болгон. Анда Волков көчөсүнөн алыс эмес жерде Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа BMW үлгүсүндөгү машина менен кагышып, жыйынтыгында экинчи автоунаа жолдо турган беш кишини сүзүп кеткен. Анын ичинен үчөө оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Эки автокөлүк тең айып короого токтотулду.
Машина жолдон ыргып кеткен. Ысык-Көлдөгү жол кырсыктын видеосу