Ислам оюндарында алтын уткан балбан кыздар кайтып келишти. Сүрөт

Учурда улуттук команданын байге куржунуна алты алтын, алты күмүш, беш коло медаль бар.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ислам тилектештиги оюндарында алтын уткан кыргызстандык балбан кыздар мекенине кайтып келди. Аларды тосуп алуу аземиндеги сүрөттөрдү "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы жарыялады.
Ислам тилектештиги оюндарында алтын уткан кыргызстандык балбан кыздар мекенине кайтып келди.
Бүгүн эртең менен Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана машыктыруучу Нурбек Изабеков келген. Спортчуларды Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев тосуп алып, жеңиши менен куттуктады.
Белгилей кетсек, Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндары өтүп жатат. Ага жалпы жонунан 56 мамлекеттен келген 4 200 спортчу катышууда. Кыргызстандын делегациясынын курамында спорттун 16 түрү боюнча 158 киши бар.
Учурда улуттук команданын байге куржунунда алты алтын, алты күмүш, беш коло медаль бар.
Ислам оюндары: Эмил Молдодосов оор атлетикадан күмүш медаль утту