Жумасына үч жолку активдүү кыймыл стресстен, нервдик чыңалуудан арылтат

Кыймылсыз отура берүү инфаркт, инсультка кептеп, адам өмүрүн кыскартары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги активдүү кыймылда болбогон адамдар кандай ооруларга чалдыгышы мүмкүндүгүн эскертти.
Маалыматка ылайык, адегенде эле жүрөк-кан тамыр системасына кесепетин тийгизип, жүрөктүн согушу начарлайт, муундар алсырап, ишке жөндөмдүүлүк солгундайт. Ошондой эле кыймылсыз отура берүү семирип кетүү жана атеросклерозго алып барат. Бул факторлордун баары артериалдык гипертония, инфаркт, инсультка кептеп, адам өмүрүн кыскартат.
Ал эми ар дайым активдүү жашоо образында жүрүү жүрөктүн булчуңдарын кан менен камсыздоону жакшыртып, артериалдык кан басымды жөнгө салып, денеге майдын топтолушуна жол бербейт, стресстен жана нервдик чыңалуудан арылтат.
Ал үчүн жумасына үч жолу 30 мүнөттөн кем эмес таза абада көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат. Анын эң жакшысы сууда сүзүү, тез басуу, велосипед тебүү, чуркоо, бийлөө жана машыгуу залындагы каражаттарды колдонуу болуп саналат.
Машыгуу алдында кантип тамактануу керек. Фитнес-машыктыруучунун кеңеши